Жашоо жана дарыгерлердин тагдыры: 8-октябрда «Дарыгер» сериалынын бет ачары болот
Маданият министрлиги
5 октябрь

Жашоо жана дарыгерлердин тагдыры: 8-октябрда «Дарыгер» сериалынын бет ачары болот

УТРК телеканалында 2026-жылдын 8-октябрында «Дарыгер» аттуу жаңы ата мекендик 10 сериялдуу көркөм телесериалдын бет ачары болот. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин мамлекеттик колдоосу менен «Каганфильм» киностудиясы тарабынан ишке ашырылган. Телесериалдын режиссёру — Ырыс Окенова, продюсери — Жылдыз Равшанова.

«Дарыгер» телесериалында адам өмүрүн сактоо үчүн күн сайын күрөшүп, өз кесибине берилгендик менен кызмат кылган дарыгерлердин, фельдшерлердин, медайымдардын жана башка медицина кызматкерлеринин эмгеги баяндалат.

Сюжеттин негизин медицина кызматкерлеринин турмушунда болгон чыныгы окуялар түзүп, анда кесиптик милдет, жоопкерчилик, боорукерлик, адамгерчилик жана оор кырдаалда туура чечим кабыл алуу сыяктуу темалар чагылдырылат.

Телесериалда Сүйүн Оролбекова, Руслан Орозакунов, Улан Өмүралиев, Чыңгыз Калыбеков, Съездбек Искеналиев, Гүлмира Ташматова, Махабат Асанбекова, Замира Сатыбалдиева, Мээрим Касаболотова, Элина Айтпаева, Алтынай Жайнакова, Алан жана башка кыргыз киносунун таланттуу өкүлдөрү роль жаратышты.

«Дарыгер» — адам өмүрүн сактоону ыйык милдети деп билген медицина кызматкерлеринин кесиптик эмгегин жана адамдык сапаттарын ачып берген телесериал.