Кыргызстандыктардын 15%га жакыны гана алты айдан ашык чыгымдарын жабууга жетерлик каржылык топтому бар
сүрөт: depositphotos.com
5 октябрь

Кыргызстандыктардын 15%га жакыны гана алты айдан ашык чыгымдарын жабууга жетерлик каржылык топтому бар

Мындай маалыматтар 2025-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы катары 2027–2031-жылдарга карата Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу программасынын долбоорунда келтирилген.

Ошол эле учурда калктын 18%га жакынынын бир жумага жетпеген каражаты бар.

Мындан тышкары, жарандардын 59%га жакыны каржылык стресстин жогорку деңгээлин сезишет. Ал эми жалпы каржылык бакубаттуулук көрсөткүчү 44%ды түзгөн.

Программанын авторлорунун белгилешинче, каржылык резервдин жетишсиздиги үй-бүлөлөрдү кирешенин азайышына же жоголушуна жана башка каржылык кыйынчылыктарга карата алсыз кылат.

Ушуга байланыштуу калктын үй-бүлөлүк бюджетти пландоо, каржылык резерв түзүү жана үзгүлтүксүз акча топтоо көндүмдөрүн өнүктүрүү каралууда.