Сүрөт ачык булактардан алынды
5 октябрь
Азия оюндары: Кыргызстан жалпы командалык эсепте 25-орунду ээледи
Кыргызстан курама командасы Япониянын Айти префектурасы жана Нагоя шаарында өткөн XX Азия оюндарында жалпы 14 медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 37 мамлекеттин арасынан 25-орунду ээледи.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, кыргызстандык спортчулар 1 алтын, 3 күмүш жана 10 коло медалга ээ болушту.
Алтын медаль ээси:
- Жоламан Шаршенбеков -г рек-рим күрөшү (60 кг чейин)
Күмүш медаль ээлери:
- Эрлан Шеров - дзюдо (90 кг чейин)
- Денис Петрашов - сууда сүзүү
- Асан Жанышов - грек-рим күрөшү (87 кг чейин)
Коло медаль ээлери:
- Акжол Махмудов - грек-рим күрөшү (77 кг чейин)
- Мээрим Жуманазарова - кыз-келиндер күрөшү (68 кг чейин)
- Раззак Бейшекеев - грек-рим күрөшү (67 кг чейин)
- Кубанычбек Айбек уулу - кураш (66 кг чейин)
- Сыймык Жаныбек уулу - ММА (77 кг чейин)
- Дастан Каныбек уулу -ММА (60 кг чейин)
- Ырыскелди Дүйшеев - ММА (71 кг чейин)
- Малик Шаваев -эркин күрөш )86 кг чейин)
- Айпери Медет кызы -кыз-келиндер күрөшү (76 кг чейин)
- Абдурахман Муртазалиев -джиу-джитсу (85 кг чейин)
