Чүй ОИИББ: Бир жума ичинде 4016 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
Чүй ОИИББ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 2-февралынан 8-февралына чейин, алдын ала маалымат боюнча 4016 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 111;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 38;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 5;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 19;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 1334;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –363;
- Башка унааларга тосколдук жаратуу жана жол белгилерге баш ийбөө – 1118;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 117 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
