Оштун Озгур айылында тротуар курулуп, жарыктандырылды
18 июнь

Оштун Озгур айылында тротуар курулуп, жарыктандырылды

Оштун Озгур айылында тротуар курулуп, жарыктандырылды, деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы. 

Күн мурун жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана түнкү жарыктандыруу пайдаланууга берилген. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, айыл тургундары жана мекеме-ишкана жетекчилери катышкан. 

Ак-Буура дарыясынын жээгин бойлой курулган тротуар коопсуз болуп, четине тосмо орнотулуп, жарыктандырылган.