Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды жеке адамдар аркылуу саткан топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
22 июль

Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды жеке адамдар аркылуу саткан топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын ИИМнин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери синтетикалык баңгизаттарды жасалма канал аркылуу даярдоо жана сатуу менен алектенген уюшкан топтун ишмердигине бөгөт коюшту.

Бишкек шаарынын 2001-жылы туулган тургуну К.Ю.В., нарколаборатория уюштуруп, жалпы салмагы 11 кг синтетикалык заттарды жасап, сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

2025-жылдын 16-июлунда чет өлкөдөн баңги заттарын жеткирүү каналын токтотуу алдын алынган. Бишкекте 2000-жылы туулган Ж.Т.К., аттуу жаран кармалды. Аны тинтүү учурунда, ижарага алынган батирде, суюк жана кургак түрүндө жалпысынан 8,8 кг баңги заты, анын ичинде мефедрон, спайс жана аларды өндүрүү үчүн жабдуулар алынган.

Мындан тышкары, кармалган жаран дагы 458 грамм баңги зат катылган жашыруун жайлардын жайгашкан жерин көрсөткөн.

Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү") менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында улантылууда.