Күйүүчү майларды мыйзамсыз сатуу түйүндөрү текшерүү уланууда
ӨКМдин алдындагы Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгынын инспекторлору Жайыл, Москва жана Панфилов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен бирге мыйзамсыз сакталган жана көчө боюнда башаламан сатылган күйүүчү-майлоочу майларды текшерүү рейди өткөрүлдү.
2025-жылга коюлган пландарды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган рейдде Кара-Балта, Беловодск, Александровка жана Чалдовар айылдарында күйүүчү майлар мыйзамсыз сатылып аткан 9 түйүн аныкталды. Уруксаты жок сатуу менен алектенген адамдарга мындай аракеттер коопсуздукка каршы келерин түшүндүрүп, эл көп чогулуучу коомдук жайларда, жол жээгинде сатууга болбой турганын эскертишти.
Мындай өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан өрттүн пайда болушун, ири материалдык чыгымдарды жана адам өмүрү үчүн олуттуу коркунучтарды жаратат.
ӨКМ адистери күйүүчү майлар уруксат берилген атайы май куюучу жайларда гана сатылышы керектигин эскертет!
