Бишкекте көчөдө жүргөн адамдарга куралдан коркутуп, абага ок чыгарган эркек киши кармалды
2025-жылдын 21-июлунда болжол менен саат 01:16да “102” кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда, Пишпек көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында белгисиз эркек киши ок атуучу курал менен жүргөнү айтылган.
Болжол менен саат 01:19да “102” кызматына Ж. аттуу жарандан дагы бир кайрылуу келип түшүп, анда белгисиз киши ок атуучу курал менен үч жаш жигитке коркутуу көрсөтүп жатканы айтылган.
Келип түшкөн билдирүүлөр Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын МЭЖге катталган.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Пишпек жана Литвинов көчөлөрүнүн кесилишинде 1985-жылы туулган, аталган көчөдө жашаган Н.Н. аттуу жаран кармалган. Кармалган учурда ал мас абалында болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, ал үч жаш жигит менен урушуп кеткенден кийин аларды ок атуучу курал менен коркутуп, кууп барып, бир жолу ок чыгарган.
Н.Н. сурак учурунда өзү каттоодон өткөн 12-калибрдеги мергенчилик мылтыгы бар экенин билдирип, өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерин үйүнө алып кирген. Ал жерде темир сейфте жогорудагы курал көрсөтүлгөн. Андан сырткары сейфтен төмөнкү ок-дарылар табылып, далил катары алынган:
189 даана 7,62 мм калибрдеги ок,
32 даана 9 мм (ПМ) калибрдеги ок,
200 даана 5,6 мм калибрдеги ок,
96 даана 12 калибрдеги ок.
Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) жана 267-беренеси (Курал-жарак, ок-дарылар менен мыйзамсыз аракеттер) боюнча кылмыш иши козголду.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, 1985-жылы туулган Н.Н. шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алынган ок-дарылар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.
