президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
15 апрель
Манас шаарында аянты 22 гектарды түзгөн жаңы муниципалдык базар курулууда
Манас шаарында 22 гектардан ашуун аянтка салынып жаткан жаңы муниципалдык базардын курулуш иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, учурда объектте бетон куюу иштери толугу менен аяктап, металл конструкцияларын орнотуу жумуштары 95 пайызга аткарылган.
Долбоордун алкагында шаар аймагындагы базарлар жаңы жайга көчүрүлүп, тургундар жана сатуучулар үчүн санитардык талаптарга жооп берген заманбап шарттар түзүлөт.
Ошондой эле бул демилге шаар архитектурасын жакшыртууга багытталган. Курулуш жумуштары 2026-жылдын күз айларында аяктайт.
