
ТИМ: Россиянын аймагында 72 миңге жакын кыргызстандык мыйзамсыз жүрөт
Россиянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, ушул жылдын октябрь айына карата Кыргызстандын 71 949 жараны өлкө аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен ("тобокелдик зонада") жүрөт. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жарандардын бул категориясына Россиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында алардын эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзгөндүгү, манжа изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы жөнүндө ж.б. жөнүндө маалымат жок адамдар кирет.
Эгерде алардын Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу болгондугун (жүргөндүгүн) тастыктаган жарактуу документтери болсо, жарандар Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, тиешелүү маалымат базасына киргизип "тобокелдик зонасынан" өзүн алып салуу үчүн мындай документтерди бериши керек.
Россия Федерациясында "тобокелдик зонасында" турган Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жакын арада https://migrant.kg порта
Министрлик мурда маалымдагандай, 2025-жылдын 5-февралынан тартып Россияда «Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө» Федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Россиянын аймагында мыйзамдуу негиздери жок жүргөн жана өлкөдөн чыкпаган же Россия Федерациясында болуу (жашоо) үчүн мыйзамдуу негиздерге ээ болбогон чет өлкөлүк жарандар контролдонуучу адамдардын реестрине киргизилет жана аларга карата чыгаруу режими колдонулат.