Бишкекте жасалма тегизсиздиктер орнотулууда
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо максатында ылдамдыкты мажбурлап азайтуучу жасалма тегизсиздиктерди орнотууну улантууда.
Бул жумада бригада Бишкек шаарындагы Гатчинский, Орская, Кайназарова, Шералиев жана Тыныстанов көчөлөрүндөгү кооптуу жерлерге жасалма тегизсиздиктерди орнотту.
Белгилей кетсек, аталган ишкана Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жазма буйругунун негизинде гана жасалма тегизсиздиктерди орнотот.
Тиешелүү жол чийиндери жана 1.17 жол белгиси жок жасалма тегизсиздиктер демонтаждоону талап кылат.
