Чынгыз Токтобеков Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды
14 август

Чынгыз Токтобеков Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Токтобеков Чынгыз Токтобекович Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды.