Мобилдик тиркеме «ЭММА» – кош бойлууларды колдоо үчүн эми Кыргызстанда да жеткиликтүү
Кыргызстанда кош бойлуу аялдарга жана жаш энелерге санариптик колдоо көрсөтүү үчүн иштелип чыккан «ЭММА» мобилдик тиркемеси тааныштырылды. Эми кыргыз тилинде да жеткиликтүү болгон бул тиркеме Кыргызстанды кошкондо 193 өлкөнүн колдонуучулары үчүн акысыз. «ЭММА» – бул жөн гана кош бойлуулук календары эмес, ал аялды кош бойлуулуктун алгачкы жумасынан тартып төрөттөн кийинки мезгилге чейин коштогон толук кандуу санариптик жардамчы.
Тиркеме 460тан ашык илимий негизделген макалаларга, дарыгерлерден жеке кеңештерге, кабыл алууга жана дары-дармек ичүүгө байланыштуу эскертмелерге, ошондой эле тамактануу, физикалык жана психо-эмоционалдык ден соолук боюнча сунуштарга жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Адаптациялоо процессинде кыргызстандык аялдардын муктаждыктарына ылайык маданий жана тилдик жеткиликтүүлүккө өзгөчө көңүл бурулган.
«ЭММА» аялдардын ишенимин арттырып, жеке кош бойлуулук календарын, юридикалык маалыматты жана саламаттык боюнча кеңештерди берет. Айрыкча алыскы аймактарда медициналык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген шартта, бул тиркеме ишенимдүү маалымат булагы болуп саналат. Кыргызстанда чоңдордун 95%дан ашыгы мобилдик телефон жана интернетке ээ экенин эске алганда, анын ролу өзгөчө маанилүү.
Тиркемени Кыргызстанга ылайыкташтыруу процесси БУУнун Түштүк–Түштүк кызматташуу долбоору алкагында БУУнун Калкты жайгаштыруу боюнча фондунун (ЮНФПА) Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык кеңсеси жана КР Саламаттык сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө жүргүзүлгөн. Бул өлкөнүн маданий, тилдик жана укуктук өзгөчөлүктөрүн эске алууга жана «ЭММА»ны энелердин саламаттыгын чыңдоо, төрөттөн кийинки оорулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча натыйжалуу курал кылууга мүмкүнчүлүк берди.
«ЭММА» тиркемесин дүйнөнүн бардык колдонуучулары App Store жана Google Play аркылуу акысыз жүктөп ала алышат. Ал буга чейин 193 өлкөдөгү аялдарды колдоп, эми Кыргызстанда камтууну кеңейтүүгө, медициналык коомчулук жана репродуктивдүү курактагы аялдар менен өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган.
«ЭММА» – бул санариптик теңчиликке жана Кыргызстанда энелерге көрсөтүлгөн жардамдын сапатын жогорулатууга карай маанилүү кадам. Ал ар бир аялга ишенимдүү маалымат жана колдоо алууга мүмкүнчүлүк берет.
