Кыргызстандын аймагында бир жумада 318 мас айдоочу кармалды
Кыргызстанда 14-июлдан 20-июлга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 880 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 774;
- мас абалында унаа каражатын башкаруу - 318;
- автоцнаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 141;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 988;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4253;
- автоээнбаштык - 44;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3567;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 3;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 12 789;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 986 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
