Кыргызстанда жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү
www
16 июль

Кыргызстанда жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги турмуштук оор кырдаалга кабылган аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган киреше алып келүүчү «Социалдык контракт» программасын ишке ашырууну улантууда.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча 7 042 социалдык контракт түзүлдү. Программанын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагында ишке ашырылууда.