Сыргабаев Нарын – Баетов жолундагы 72 метрлик көпүрөнүн курулушун тездетүүнү тапшырды
22 июль

Сыргабаев Нарын – Баетов жолундагы 72 метрлик көпүрөнүн курулушун тездетүүнү тапшырды

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 22-июлда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын – Баетов жолундагы курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Сыргабаев аталган жолдун 8-13-чакырымдар аралыгында иштин жүрүшүн сынга алып, 10 күндүн ичинде асфальт басуу тапшырмасын койду.

Ошондой эле, министр Нарын – Баетов жолундагы 72 метрлик көпүрөнүн курулушун тездетүүнү тапшырды.

Ведомство жетекчиси аталган жолдун курулушу жеке көзөмөлүндө болорун баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Нарын – Баетов жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Анын 46 чакырымын оңдоо каралган. Жол 2 тилкелүү 10 тонна жүккө ылайыкталып салынууда.