Бишкек шаардык соту 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды
2025-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча видеоконференция аркылуу жыйынтыктоочу жыйын болуп өттү.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык сотунун төрагасы, төрагасынын кылмыш-жаза иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча, жарандык-экономикалык жана административдик иштер боюнча орун басарлары, райондук соттордун төрагалары доклад жасашты.
Жыйындын катышуучулары сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, ишти кароонун сапаты боюнча статистикалык маалыматтар менен таанышышты. Ошондой эле, иштерди кароодо келип чыккан маселелер талкууланды. Бишкек шаарынын райондук сотторунун судьялары тарабынан кетирилип жаткан мүчүлүштүктөрү, Бишкек шаардык сотуна даттанылган иштердин жокко чыгарылышы жана өзгөрүлгөн көрсөткүчтөрү боюнча иштерди кароодо кетирилген кемчиликтери көрсөтүлдү.
2024-жылдын жыйынтыгын чыгарууда, шаардык сот тарабынан Бишкек шаарынын райондук сотторунун жана Бишкек шаардык сотунун сот адилеттигин ишке ашыруу боюнча ишмердиги жана ишинин сапаты талданды.
Соттордун ишин жана сапатын талдоо төмөнкүлөрдү көрсөтөт.
2024-жылы Бишкек шаары боюнча каралган иштердин саны 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көбөйгөн. Эгерде 2023-жылы 68 365 сот иши каралса, 2024-жылы 92 717 иш каралган, башкача айтканда 24 352 ишке көбөйгөн, бул 26,26% ды түзөт.
Өткөн жылы райондо каралган иштердин ичинен 7 502 (8,09%) иш даттанылып, 85 215 иш даттанылбай калган (91,1%) түзөт.
2024-жылы Бишкек шаардык сотуна даттанылган иштердин саны калдыгы менен 2023-жылга салыштырмалуу 658 ишке 8,15 % (сегиз бүтүн он беш) пайызга өскөн, эгерде 2023-жылы 7 412 сот иши мурунку жылдын калдыгы менен даттанылса, 2024-жылы 8 070 сот иши мурунку жылдын калдыгы менен даттанылган.
Ал эми Бишкек шаардык сотуна даттанылган, мурунку жылдын калдыгы жок иштердин саны 7 502 түздү.
