Президент айт намазга катышты
6 июнь

Президент айт намазга катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинде ыйык Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты.

Мамлекет башчы мечиттин жамааты менен бирге майрамдык намаз окуду.