Жалал-Абад шаарында "Селсаяк, тилемчи" аталышындагы рейд өткөрүлдү
14 август

Жалал-Абад шаарында "Селсаяк, тилемчи" аталышындагы рейд өткөрүлдү

Бүгүн, 14-август күнү, Жалал-Абад шаарынын мэриясы, шаардык ички иштер бөлүмү, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте "Селсаяк, тилемчи" аталышындагы рейд өткөрдү.

Рейддин алкагында көчөлөрдө, базарларда, жер астынан жана жер үстүнөн өтүүчү өтмөктөрдө, светофорлордун айланасында тилемчилик кылган жалпы 51 лөлү тектүү жарандар аныкталып, алардын 8и Өзбекстандан келген лөлүлөр экендиги тастыкталды. Алар шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан соң шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош облусунан келгендер өздөрү жашаган аймакка, ал эми Өзбекстандан келгендер болсо, чек ара бекетине чейин жеткирилди.