Грузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапары менен келди
Министрлер кабинети
11 июнь

Грузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапары менен келди

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргыз Республикасына биринчи расмий сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

"Манас" эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы жайгаштырылган.

Белгилей кетсек, бул эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Грузиянын Өкмөт башчысынын Кыргыз Республикасына жасаган биринчи расмий сапары.