Соттук-эксперттик кызмат МЖӨ алкагында жеке өнөктү тандоого сынак жарыялайт 
18 сентябрь

Соттук-эксперттик кызмат МЖӨ алкагында жеке өнөктү тандоого сынак жарыялайт 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы «Соттук-эксперттик кызматтын жаңы имаратын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу үчүн жеке өнөктөш тандоо боюнча сынак жарыялайт.

Долбоор Бишкек ш., Орозбеков көч., 7 дареги боюнча бийиктиги 12 кабаттан кем эмес имаратты курууну жана андан ары эксплуатациялоону карайт. 

Конкурска катышуу үчүн квалификация суроо-талабы менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышсаңыздар болот: https://drive.google.com/file/d/1KKL6bYwNkwg1odvlm14Mp-QCk_BkeXg1/view

Квалификациялык тандоого арыздар салынган конверттер жана тиркелген документтер Бишкек шаары, Раззакова көчөсү, 8/1 дареги боюнча, ошондой эле почта аркылуу 2025-жылдын 17-октябры саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Долбоорго байланыштуу суроолор боюнча төмөндөгү байланыш номурларга кайрылсаңыз болот:

- КР МЮ караштуу Соттук-эксперттик кызматына тел.: 0 (312) 300 297;
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна тел.: 0 (312) 300 176.