Аксы районунда быйыл 71 чакырым жолго асфальт төшөлөт
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев 10-июлда Аксы районундагы бир катар инфраструктуралык объектилердин абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алгач облус жетекчиси Кербен-Кара-Жыгач унаа жолунун оңдолуп жаткан бөлүгүнө барды. Быйылкы жылы аталган жолдун жалпы 15 чакырымын асфальттоо пландалган. Азыркы күндө анын 2 чакырымы бүткөрүлүп, калган бөлүгүндө даярдоо иштери жүрүүдө.
Муну менен катар Аксы району боюнча 2025-жылы жалпысынан 71 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Бул демилге аймактагы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, тургундардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.
Мындан тышкары, Тилек Текебаев Авлетим дарыясында курулушу башталган чакан ГЭСтин абалы менен да таанышып чыкты.
Өкүл жергиликтүү бийликке аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана белгиленген мөөнөттө аткарылуусун көзөмөлгө алууну тапшырды.
