Нарын шаарында ири суммадагы акча опузалоо фактысы аныкталды
22 июль

Нарын шаарында ири суммадагы акча опузалоо фактысы аныкталды

2025-жылдын 10-июль күнү Нарын ШИИБге Нарын шаарынын тургуну Б.А. арыз менен кайрылган. Анда, анын таанышы 2006-жылы туулган Р.Ж. 2023-жылдын декабрь айынан бери коркутуп-үркүтүү жолу менен акча талап кылып келгенин билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Б.А. 2023–2024-жылдары жалпы 770 669 сомду накталай жана банк аркылуу Р.Ж. бергендиги аныкталган. 2025-жылдын июль айында да шектүү 3,5 млн сом талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 21-июль күнү Нарын шаарынын тургуну Р.Ж. арыздануучудан 50 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.