УКМК: $2,5 млн өзүнө ыйгарып алган казак жараны кармалды
КР УКМК Казакстандын жаранынын өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын ыйгарып алуу жана коротуу боюнча кармалышы жөнүндө маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан негизги багыттагы системалуу иштердин катарында республиканын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого да өзгөчө көңүл бурулат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жараны З.Н.нын арызынын негизинде Казакстан Республикасынын жараны З.А.га 2 500 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө бул факт өз тастыктоосун таап, Казакстан Республикасынын жараны З.А. кармалып, ага тиешелүү айып тагылган жана сот тарабынан тергөөнүн жүрүшүндө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын белгилөө зарыл деп эсептейт.
Белгилей кетсек, айыпталуучу З.А. күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтура баштаган, буга байланыштуу тергөө анын баш коргоо чарасын эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган баш коргоо чарасына өзгөртүү маселесин карап жатат.
Бул кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
