МБКнын өкүлү биринчи жолу Эл аралык жол ташуу конвенциясынын Аткаруу Кеңешине шайланды
10 февраль

МБКнын өкүлү биринчи жолу Эл аралык жол ташуу конвенциясынын Аткаруу Кеңешине шайланды

2025-жылдын 5-февралынан 6-февралына чейин Женева шаарында Эл аралык жол ташуу Конвенциясынын Административдик комитетинин 85-сессиясы өттү. Отурумдун алкагында 2025-2026-жылдарга Эл аралык жол ташуу конвенциясынын Аткаруу Кеңешине шайлоо өткөрүлдү.

Шайлоого Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын башчысы Пак Евгений Владимирович көрсөтүлдү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча ал Эл аралык жол ташуу конвенциясынын Аткаруу Кеңешинин курамына кирген Кыргыз Республикасынын биринчи өкүлү болду.

Кеңештин курамына Кыргызстандын өкүлүнөн тышкары Иран, Марокко, Италия, Европа Комиссиясы, Бельгия, Түркия жана Чехиянын өкүлдөрү кирди. Эл аралык жол ташуу конвенциясынын Аткаруу Кеңеши эл аралык транспорттук жана бажы кызматташтыгын өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт. Анын функцияларынын арасында:

  • эл аралык жол ташуу конвенциясынын колдонулушуна жана кепилдик тутмдарынын иштешине байкоо жүргүзүү;
  • эл аралык жол ташуу китепчелеринин таркатылышын көзөмөлдөө;
  • катышуучу өлкөлөрдүн бажы органдарынын ортосунда маалымат алмашууга көмөктөшүү;
  • талаш-тартыштарды жөнгө салуу жана бажы органдарынын кызматкерлерин даярдоого жардам берүү.

Кыргыз Республикасынын өкүлүн шайлоо Эл аралык жол конвенциясынын алкагында эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, анын колдонулушун контролдоо жана транспорттук - бажылык жол-жоболорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат