«КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда кабыл алынды
Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Бактыбек Сыдыков, Исхак Масалиев, Марлен Маматалиев.
Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Улугбек Ормонов белгилегендей, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экс-төрагасынын статусун аныктоо максатында, ошону менен бирге анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана мамлекет тарабынан кошумча укуктарды аныктоо үчүн даярдалган.
