Якутияда жол кырсыгынан 13 адам каза болду, анын үчөө кыргызстандыктар
22 июль

Якутияда жол кырсыгынан 13 адам каза болду, анын үчөө кыргызстандыктар

Якутияда жол кырсыгынан 3 кыргызстандык набыт болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, 20сынан 21-июлга караган түнү Россиянын Саха Республикасынын (Якутия) Нерюнгрин районунда жол кырсыгы катталып, “Чыгыш Денисовская" шахтасынын кызматкерлерин ташыган автобус жарга кулап түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болду, анын ичинде КРнын 3 жараны: М.У.М., 1981-жылы туулган, К.у.К., 1991-жылы туулган жана Э. А., 2000-жылы туулган.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин Якутск шаарындагы Кеңсеси каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүп, анын ичинде сөөктөрдү Мекенине жеткирүүнү уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Бул маселе министрликтин жана РФдагы КРнын элчилигинин көзөмөлүндө турат.