Кыргызстан баштапкы меджардам кызматын жакшыртуу үчүн кошумча каражат алат
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бүгүн, 5-мартта Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЭРӨБ) жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) делегациясы менен “Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын кошумча каржылоо жана Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу программасын реструктуризациялоо” долбоорун мындан ары ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу протоколго кол коюу менен аяктады.
Бул натыйжага негизделген программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 26-декабрындагы №802 токтому менен такталган жана бекитилген 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын коргоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам - өнүккөн өлкө» мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылат жана уникалдуу болуп саналат, анткени каржылоо сапаттык көрсөткүчтөргө жетишүүнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Программанын максаты Кыргыз Республикасындагы баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Программаны ишке ашыруунун алкагында кош бойлуу аялдарга жана артериялык гипертензия, кант диабети сыяктуу өнөкөт жугуштуу эмес оорулары бар бейтаптар үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, ошондой эле санариптештирүүнү киргизүү жана БМСЖ кызматкерлерин окутуу үчүн 2020-2024-жылдар аралыгында 53 Үй-бүлөлүк медицина борбору/Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору үчүн лабораториялык, диагностикалык жабдуулар жана алардын реагенттери сатылып алынган.
"Биз БМСЖ деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиликтүү жана сапаттуу кылуу боюнча иштерди улантып жатабыз. Жогорудагы Кошумча каржылоо 100% Гранттык каражаттардын эсебинен жүргүзүлүп, баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерин заманбап жабдыктар менен жабдууга өбөлгө түзөт. Анын натыйжасында жарандар профилактикалык жана диагностикалык кызматтарды ҮМБ/ҮДТ деңгээлинде ала алышат. Натыйжага негизделген программанын уникалдуулугу - каржылоо сапаттык көрсөткүчтөргө жетишүүгө негизделет, ал үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде ар тараптуу, сапаттуу жардам көрсөтүү талап кылынат. Мындан тышкары, бейтаптардын медициналык кызмат көрсөтүүлөргө канааттануу индикатору киргизилүүдө,
