Ош шаарында аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жолугушуу өттү
Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарында аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жолугушууга БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик катышып, Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова менен гендердик зомбулукка каршы аракеттерди күчөтүү, шаар бийлиги менен кызматташуу маселелери каралды.
Иш-чара Европа Биримдиги жана БУУнун Аялдар түзүмү ишке ашырып жаткан «Аялдарга жана кыздарга каршы зомбулуксуз коом» (Zero VAWG) программасынын алкагында өттү.
Учурда долбоор аркылуу Европа Биримдиги 2,5 миллион евро бөлүп, аялдардын укуктарын коргоо жана зомбулуктун алдын алуу иштерин колдоодо. Алдыдагы үч жылда бул демилге өлкө боюнча кеңири ишке ашырылат.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында тараптар кызматташтык аялдар жана кыздар үчүн коопсуз коом түзүүгө өбөлгө болорун белгилешти.
