ЖК комитети Ысык-Көлдүн аймагында гидроциклин пайдаланууга чектөө киргизүүнү караган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды
10 февраль

ЖК комитети Ысык-Көлдүн аймагында гидроциклин пайдаланууга чектөө киргизүүнү караган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды

Бүгүн, 10-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу ɵнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине)» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды. 

Бул багытта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев маалымат берди. 

Сунушталып жаткан мыйзамдын долбоору Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл)-ички күйүүнүн туруктуу кыймылдаткычы же суу үстүндө глиссирлөө жолу менен жүрүүгө ылайыкташкан электр кыймылдаткычы бар жогорку ылдамдыктагы персоналдык суу транспорт каражатын пайдаланууга тыюу салуу максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбооруна карата берилген сунуштардын негизинде эки тактуу гана скутерлерге тыюу салуу каралууда.