Оштун мэрине кат жазган балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге кат жазган балдарга жаңы жылдык белектерин мэр өзү тапшырды.
Ош шаарынын 7 кичинекей тургуну мэрге өз каалоо-тилектерин жазып жөнөткөн. Ар бирине калаа башчы планшет, жумшак оюнчук жана таттууларды берди.
