Министрлер кабинети
31 август
Ильхам Алиев жана биринчи айым Мехрибан Алиева Кыргызстанга келди
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга жумуш сапары менен келди, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.
“Манас” эл аралык аэропортунан аны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Илхам Алиев "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Азербайжан Республикасынын президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.
