Кыргызстан менен Монголия санариптик кызматташтыкты күчөтүүдө
22 июль

Кыргызстан менен Монголия санариптик кызматташтыкты күчөтүүдө

Кыргызстан менен Монголия санариптик кызматташтыкты күчөтүүдө, деп билдирет КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги. 

Маалыматка ылайык, санариптештирүү тармагында узак мөөнөттүү өнөктөштүккө негиз боло турган Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Кыргызстан:

  • «Түндүк» платформасы аркылуу 180 санариптик кызматтар
  • Электрондук бизнести жана инновацияларды өнүктүрүүгө негиз болгон Санариптик кодекс кабыл алынды

Монголия:

  • БУУнун электрондук коммерция рейтингинде +28 позицияга жогорулады
  • e-Mongolia жана e-Business платформалары ишке киргизилди
  • Киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамдар кабыл алынды.

IT-чечимдер талкууланды:

  • ERP-системалар, электрондук нотариат, Чоң маалыматтар (Big Data) жана булут технологиялары.