Кыргызстанда кальян жайларын кайрадан мыйзамдаштыруу сунушталууда
Жогорку Кеңештин кароосуна кальян кызматтарын укуктук талаага чыгарууну сунуштаган мыйзам долбоору коюлду.
Баяндамачы, экономика жана коммерция министрлиги Искендер Асылкуловдун айтымында, калкты тамекинин зыяндуу түтүнүнөн коргоо максатында 2024-жылы кальян жайларына тыюу салынган. Бирок иш жүзүндө алар ишмердүүлүгүн токтоткон жок.
“Расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө Бишкекте 10дон ашуун адистештирилген кальян жайлары иштеп жатат. ИИМдин маалыматы боюнча, аларга 2025-жылы 55 протокол түзүлүп, 2 млн 570 миң сом айыппул салынган. Бирок бул айыппулдар дагы алардын ишмердүүлүгүн токтотууга негиз боло алган эмес, рынок көмүскө иштөөсүн улантууда”, - деди Асылкулов.
Ал буга байланыштуу сунушталган мыйзам долбоорунда бир катар механизмдер киргизилгенин билдирди. Алар:
- кальян кызматтарын лицензиялануучу ишмердүүлүккө киргизүү;
- бул кызматтарды лицензиясы бар адистештирилген жайларда көрсөтүү;
- санитардык, өрт коопсуздугу жана желдетүү боюнча талаптарды киргизүү;
- кальян жайларынын мамлекеттик реестрин түзүү.
Асылкулов лицензиялоо толук тыюу салууга караганда бир топ натыйжалуу болоорун кошумчалады.
