2024-жылы турмуштук оор кырдаалдан 559 үй-бүлө жана 3482 бала чыгарылды – Эмгек министрлиги
2024-жылы турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иштердин алкагында өзгөчө көңүл бурууну талап кылган шарттарга туш болгон 6150 бала аныкталган.
Ар бири үчүн алардын бакубаттулугун жана коопсуздугун калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын комплексин камтыган «Баланы коргоо боюнча жекече иштөө планы» иштелип чыккан жана бекитилген. Жалпысынан мындай пландардын 3 325и бекитилип, анын аркасында 3 482 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгарылды.
Мындан тышкары, 2024-жылы турмуштук оор кырдаалда турган 943 үй-бүлө аныкталган. Бул үй-бүлөлөр үчүн 601 «Үй-бүлө менен жеке иштөө планы» иштелип чыккан, натыйжада 559 үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан ийгиликтүү чыгарылды.
Бул натыйжага аймактык бөлүмдөрдүн үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмдөрүнүн аракеттери, ошондой эле тиешелүү түзүмдөрдүн макулдашылган биргелешкен иши аркылуу жетишилди.
