Мыйзамсыз менчиктештирилген 32 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды
Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 1993-1997-жылдары мамлекеттик менчикте турган спорт комплекстин аймагындагы сүзүү бассейнине тиешелүү 174,6 чарчы метрди түзгөн көмөкчү жайлар мыйзамсыз түрдө жеке жактарга өтүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чара көрүү актыларынын жыйынтыгында, баасы 32 млн 840 миң сом болгон жогоруда белгиленген объект мамлекеттин карамагына кайтарылды.
