Бишкекте Садыр Жапаров менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жолукту
президенттин администрациясы
31 август

Бишкекте Садыр Жапаров менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жолукту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, “ШКУ+” жолугушуусуна жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Жолугушуунун башында мамлекет башчысы Антониу Гутерришке Кыргыз Республикасына келүүгө чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгы Уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына туш келип жатканын белгиледи.

Тараптар БУУ менен өз ара аракеттенүүнүн келечегин, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле тоолуу аймактарга жана климатка байланыштуу демилгелерди дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары иш алып баруусуна бурулду.

Мамлекет башчысы Коопсуздук Кеңешиндеги иштин артыкчылыктуу багыттары катары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоону, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин эл аралык процесстердеги ролун кеңейтүүнү, ошондой эле климаттык чакырыктарды жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык аракеттерди бириктирүүнү белгиледи.

Буга байланыштуу 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык маселеси талкууланды. Саммит 2023-2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болот.

Президент Садыр Жапаров БУУга Саммитти биргелешип уюштурууну сунуштады.

Уюмдун иш-чарага катышуусу анын эл аралык камтуусун кеңейтип, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерин талкуулоого көптөгөн мамлекеттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсүн тартууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана практикалык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдарлык билдирилди.