Камчыбек Ташиев бир айдын ичинде классташына жаңы үй салып берди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Боз-Чычкан айылында жашаган классташы Абдували Анапияевге жаңы үй салып берди.
Турак жайдын ачкычын бүгүн, 22-июлда УКМК төрагасы өзү тапшырган, иш-чарага айыл жашоочулары катышты.
Боз-Чычкан айылынын тургуну Абдували Анапияев 1 уул, 1 кыздын атасы.
Ал көп жылдардан бери өз турак жайы жок, батирден батирге көчүп жашап келген. Муктаждыктан улам, классташ досу Камчыбек Ташиевге кайрылган. Ташиев досунун суранычын кабыл алып, өз каражатына үй куруп берүүнү чечкен. 33 күндүн ичинде заманбап шарттарга жооп берген, жаңы үй курулуп бүттү. Бул жакшылык Анапияевдин үй-бүлөсүнө чоң кубаныч тартуулап, турмушун жаңы нукка өзгөрттү.
Үй тапшыруу учурунда Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Чычкан айылында бала бакчанын жоктугу көптөн бери көйгөй жаратып келгенин жергиликтүү жашоочулар Камчыбек Ташиевге билдиришти.
КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул жана башка айтылган маселелерди тез арада чечүүнү өз колуна алаарын айтып, тийиштүү тараптарга жеринен тапшырма койду. Балдар бакчасынын курулушун тез арада баштоону милденттендирди.
