Ош: Араван районунда кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер буздурулууда
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 жарлыгынын негизинде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министирлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан рейддик иш-чаралар уюштурулууда.
Иш-чарага райондогу Достук айыл аймагынын адистери да катышып, “Ош 3000” көчөсүндөгү кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар аныкталган. Объектилер жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштеринин алкагында буздурулууда.
