Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ЮНФПА дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоону жакшыртуу жолдорун талкуулады
28 март

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ЮНФПА дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоону жакшыртуу жолдорун талкуулады

2025-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев менен Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) кеңсесинин жетекчиси Бактыбек Кайназаровдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүүнүн улуттук чынжырын башкарууну жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Белгиленгендей, азыркы учурда ченемдик-укуктук база жана камсыздоонун бардык циклдерин башкаруунун инструменттери институтташтырылган эмес жана олуттуу күчөтүүнү талап кылат.

Министр Эркин Чечейбаев бул демилгенин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Саламаттык сактоо министрлигинин натыйжалуу, ачык-айкын жана туруктуу жеткирүү чынжырчасын башкаруу системасын түзүүгө умтулуусун ырастады. Ал белгилегендей, бул процесс улуттук муктаждыктарга ылайык келишин камсыздоо, анын ичинде репродуктивдик ден соолукту жакшыртууга жана зарыл медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн жана эксперттик коомчулуктун тыгыз координациясын талап кылат.

Талкуунун жүрүшүндө өлкөдө мамлекеттик бюджеттик механизмдерди эске алуу менен дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды жеткирүү чынжырчасын башкаруунун бардык этаптарын бириктирген бирдиктүү улуттук документти иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкканы белгиленди. Мындай документ саламаттык сактоо программаларын эффективдүү ишке ашыруунун жана медициналык кызматтар менен жалпы камтууга жетишүүнүн негизи болуп калат.

Жеткирүү чынжырчасын башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү 2019–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо боюнча “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” стратегиясын ишке ашыруунун негизги элементи жана Туруктуу өнүктүрүү максаттары 3.8ге жетишүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

2023-жылдан бери ЮНФПА Кыргызстанга жеткирүү чынжырчасын башкаруу системасын реформалоодо жигердүү колдоо көрсөтүп келет. «Саламаттык сактоо системасын чыңдоо» долбоорунун алкагында Фонд республикадагы дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды жеткирүү чынжырына кырдаалдык талдоо жүргүзүп, Улуттук ченемдик документти иштеп чыгуу боюнча деталдуу сунуштарды берди. Бул документ мамлекеттик органдарга жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жеткирүү чынжырларынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана калктын аялуу катмары үчүн дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен саламаттык сактоо секторуна инвестиция тартуу боюнча негизделген чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Министрлик калктын, өзгөчө медициналык-социалдык тобокелдик тобуна киргендердин заманбап жана сапаттуу дары-дармектерге жана медициналык багыттагы буюмдарга жетүүсүн камсыз кылуучу жеткирүү чынжырын башкаруунун натыйжалуу системасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого ниеттенүүдө.