Президент Каракол, Талас шаарларынын мэрлерине сөгүш жарыялады
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри Алжамбаев Фархат Абды-Хамитовичке, Талас облусунун Талас шаарынын мэри Астанакулов Байышбек Кахромановичке сөгүш жарыялады.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, буга алардын жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы себеп болгон.
