“Бишкекжарык” ишканасынын өндүрүш жайында шаарды жарыктандыруучу жабдыктар жасалат
2025-жылдын башынан тарта «Бишкекжарык» ишканасынын өндүрүш жайында шаарды жарыктандырууга арналган жабдыктар толугу менен ишкананын өз өндүрүшүндө жасалды.
Жыл ичинде 3 500 даана чырак илгич жана бийиктиги 5–6 метр болгон 550 даана жарык мамысы өндүрүлдү. Бул жабдыктар борбор калаанын көчөлөрүнө, сейил бактарына жана коомдук жайларына орнотулуп, коопсуздукту арттырып, шаар көрүнүшүн көрккө бөлөйт.
«Бишкекжарык» ишканасы жарык берүүчү конструкцияларды толугу менен өзүндө өндүрүп, сапатты жогорулатып жана чыгымдарды азайтуу менен шаар инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошууда.
