Садыр Жапаров жети райондун акимин кызматтан бошотту – тизме
21 февраль

Садыр Жапаров жети райондун акимин кызматтан бошотту – тизме

Президент Садыр Жапаров 7 райондун акимин кызматтан бошотту.

Президенттин чечимине ылайык, төмөнкүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулду:

  • Ош облусунун Ноокат районунун акими Субагожоев Жакыпбек Мойдунович;
  • Баткен облусунун Баткен районунун акими Жоробаев Учкунбек Имамалиевич;
  • Базар-Коргон районунун акими Карагулов Мирлан Кынатбекович;
  • Ак-Суу районунун акими Насиров Мунарбек Жумабаевич;
  • Араван акими Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович;
  • Талас облусунун Манас районунун акими Жээнбеков Досмамбет Аматович;
  • Талас районунун акими Нармырзаев Нургазы Жакыпович.

Белгилей кетсек, бүгүн президенттин Администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгында бир катар катаал чечимдер кабыл алынган. Сөз көп сандаган кызмат оордунан бошотуулар, сөгүштөр жана катуу сөгүштөр жөнүндө болуп жатат.