Бишкек шаарындагы дүкөндөрдө жашылчаларга болгон баа төмөндөдү
14 август

Бишкек шаарындагы дүкөндөрдө жашылчаларга болгон баа төмөндөдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги азык-түлүк товарларынын бааларын жума сайын салыштырып мониторинг жүргүзөт.

Бишкек шаарындагы гипермаркеттердеги баалардын мониторингинин жыйынтыгы боюнча, 2025-жылдын 14-августуна карата социалдык маанилүү азык-түлүк түрлөрүнүн баалары ушул эле жылдын 5-августуна салыштырмалуу төмөндөгөндүгү байкалууда. Айрыкча жашылчалардын баасы кескин арзандады.

Негизги азык-түлүктөрдүн бааларындагы өзгөрүүлөр (сом жана пайыздык көрсөткүч менен):

  1. Сабиз – 49 сом, 15,5%га арзандады (мурун 58 сом)
  2. Пияз – 43 сом, 4,4%га арзандады (мурун 45 сом)
  3. Картөшкө – 45 сом, 8,0%га арзандады (мурун 49 сом)
  4. Капуста – 27 сом, 10,0%га арзандады (мурун 30 сом)

Жашылча бааларынын төмөндөшү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн жеткирүү көлөмүнүн өсүшү менен байланыштуу. Баалардын динамикасын мониторинг жүргүзүү үзгүлтүксүз улантылат.