“Эмне үчүн Кыргызстан?” туристтик корей тилинде китебинин бет ачары Сеулда болуп өттү
28 март

“Эмне үчүн Кыргызстан?” туристтик корей тилинде китебинин бет ачары Сеулда болуп өттү

Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин жана “Борбордук Азия – Корея Республикасы” Форумунун Катчылыгынын көмөгү менен 25-мартта корей окурмандарына Кыргызстандын кооздугу, маданияты жана туристтик потенциалы тууралуу айтып берүү максатында иштелип чыккан “Эмне үчүн Кыргызстан?” китебинин жарыкка чыгуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. 

Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин Кореядагы элчилери жана өкүлдөрү, ишкер чөйрөлөр, туризм индустриясы, ЖМКлар, Кореядагы кыргыз диаспорасы жана китептин автору катышты.

Элчи А.Исмаилова өз сөзүндө мындай демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргызстан бай тарыхый мурасы, ажайып жаратылышы, меймандос эли бар өлкө катары туризмге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет.

Элчи ошондой эле Кыргызстандын “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” доктринасына ылайык туруктуу өнүгүүгө умтулуусун баса белгилеп, китепти басып чыгаруу сыяктуу долбоорлор өлкөнүн улуттук өзгөчөлүгүн жана эл аралык имиджин бекемдөөгө жардам берерине ишенимин билдирди.

Маданий оюн-зоок иш-чарага өзгөчө маанай тартуулады. Конокторго кыргыздын улуттук бийлери тартууланып, улуттук аспап комузда кол ойнотулуп, классикалык музыка тартууланып, улуттук даамдардан даам татылды.

Иш-чара коноктордун кызуу реакциясын жаратты. Алардын көбү Кыргызстанга саякаттоону каалашарын билдиришип, китептен жана презентациядан таанышкан маданий салттардын өзгөчөлүгүн жана өлкөнүн жаратылышынын кооздугун белгилешти.