УКМК VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттерди сатууда алдамчылык фактысын аныктады
КР УКМК кызматкерлери Ысык-Көл облустук ИИБ кызматкерлери менен биргеликте Чолпон-Ата шаарында 2006-жылы туулган М.Д.С. жана 2005-жылы туулган Ш.И.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандарын кармашты.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө аталган жарандар «Threads» социалдык тармагына VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттерди сатуу тууралуу жарыя жайгаштырганы,бирок аталган билеттер сатууга арналган эместиги аныкталган.
Жарандардан электрондук которуулар аркылуу акча каражаттарын алгандан кийин, билеттер сатып алуучуларга берилген эмес.
Бул факты боюнча маалыматтарды каттоо журналына тиешелүү материал катталып, учурда укук коргоо органдары тарабынан окуянын бардык жагдайлары, ошондой эле башка жабырлануучулардын бар-жоктугу аныкталууда.
КР УКМК жарандарды социалдык тармактар аркылуу билеттерди сатып алууда сак болууга жана аларды жайылтууда расмий булактарды гана пайдаланууга чакырат.
