Мэрдин образын пластилинден жараткан Лейли
Ош шаарынын 8 жаштагы тургуну Лейли Нурсултан кызы мэр Жеңишбек Токторбаевдин рейд учурундагы жана иш үстүндөгү образын пластилинден жасап, бүгүн мэрге белек кылды.
Кичинекей талант калаадагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу, жаңы курулуштар жана шаар турмушунун көрүнүштөрүн да чагылдырган.
Мэр Жеңишбек Токторбаев Лейлинин чыгармачылыгын баалап, ал көптөн бери кыялданып жүргөн планшетти белекке берди.
