Президент министрлерге аймактарды үзгүлтүксүз кыдырып турууну тапшырды
14 апрель

Президент министрлерге аймактарды үзгүлтүксүз кыдырып турууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров аймактарда мамлекеттик органдардын жеринде иш алып баруусун күчөтүү зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Алай районунун активи жана тургундары менен жолуккан учурда тургундун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Жергиликтүү тургундун айтымында, эл тарабынан көтөрүлгөн көптөгөн маселелер аймактык же тармактык мамлекеттик органдардын деңгээлинде чечиле алат. Ушуга байланыштуу ал министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилерин аймактарга активдүү чыгарып турууну сунуштады.

Мамлекет башчысы бул демилгени колдоп, иш сапар учурунда жарандардын кайрылууларынын олуттуу бөлүгү чындыгында эле жергиликтүү жана тармактык органдардын компетенциясына тиешелүү экенине ынанганын белгиледи.

Садыр Жапаров жакын арада министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин аймактарга үзгүлтүксүз чыгуу графиги бекитилерин билдирди. Анын айтымында, мындай чара мамлекеттик башкаруунун жер-жерлерде натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын кайрылууларын ыкчам кароого багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент тиешелүү органдарга бир катар тапшырмаларды берип, ар бир кайрылууга өз убагында жана объективдүү жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.