Ат-Башы районунда 13 жаштагы өспүрүмгө ит кол салды
Нарын облусунун Ат-Башы районунда 13 жаштагы өспүрүмгө ит кол салган учур катталды. Бул тууралуу райондук аймактык ооруканадан билдиришти.
Окуя 5-апрелде саат болжол менен 15:30 чамасында болгон.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, мектеп окуучусу ат минип бара жатып туугандарына саламдашуу үчүн токтогон учурда, ага күтүүсүздөн ит кол салган.
Кол салуунун натыйжасында ит баланын буту жана сан бөлүгүн тиштеп алган. Жабырлануучу тез арада ооруканаша жеткирилип, ага медициналык керектүү жардам көрсөтүлгөн.
Дарыгерлер жарааттарды алгачкы хирургиялык тазалоону, жууп-тазалоону жүргүзүп, ошондой эле кутурмага каршы иммуноглобулин жана антирабикалык вакцина сайышкан. Бейтапка дарылоо курсу дайындалды.
Учурда өспүрүмдүн абалы туруктуу деп бааланууда, ал амбулатордук дарыланууда. Дарыгерлер төмөнкү буттарында көптөгөн тиш жаракаттары бар экенин белгилешти.
