Кыргызстанга Иранга 130 тоннага жакын гуманитардык жардам жеткирет
КР ӨКМ
3 апрель

Кыргызстанга Иранга 130 тоннага жакын гуманитардык жардам жеткирет

Кыргызстандын президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы менен КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРнын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иранга 130 тоннага жакын гуманитардык жардам жеткирет. 

КР ӨКМден кабарлашкандай, анын 66 тоннасы азык-түлүк, 63 тоннасы дары-дармек. Анын ичинде ун, эт консервалары, өсүмдүк майы жана керектүү дары-дармек каражаттары ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаалар колоннасына жүктөлүп, Иран Ислам Республикасына жеткирүүгө жөнөтүлдү.

Бул кадам жабыр тарткан жарандык калкка жардам көрсөтүүгө багытталган.

Аталган жүк КРнын Иран Ислам Республикасындагы элчиси А.Кылычевдин катышуусунда жеткирилип, иран тарапка тапшырылат.